Кыргызстанда өспүрүмдөр Pfizer вакцинасын ала алышат
Новость www

Кыргызстанда 16 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмдөр Pfizer вакцинасы менен эмделе алышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, артыкчылык катары ооруга чалдыккан өспүрүмдөр жана калктын аялуу катмары, карылар, өнөкөт оорулары бар адамдар эмделе алат.