Кыргызстан Көчмөндөр оюндарына даяр
Новость KTRK/videograp

Кыргызстан II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу иш-чарага даярдык көрүү боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар билдирди. Ат майдандагы бардык курулуш-монтаждоо иштери аяктады. 

Андан сырткары, Саламаттыкты сактоо министрлигинен 50 кызматкер Ысык-Көл облусуна барып, керектүү маалда медициналык жардам көрсөтөт. Ал эми 18 тез жардам унаасы зарыл болгон дары-дармектер менен камсыздалды. 

Белгилей кетсек, Көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышы 3-сентябрда Ысык-Көл облусундагы ат майданда кечки саат 20:30да башталат.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118