Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны азайды
Новость www

Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 4,6 эсеге төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады. 

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын октябрында COVID-19дун катталган лабораториялык жана клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган учурларынын саны 2020-жылдын октябрь айына салыштырмалуу 2,9 миң учурга чейин азайган.