Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 7 миң 155 адам эмделди.
Республикалык штабдын маалыматына ылайык, анын ичинен 3 миң 338 адам вакцинанын биринчи дозасын, 3 миң 817 жаран экинчисин алды. Өлкө боюнча жалпы 1 млн 70 миң 464 адам вакцинанын биринчи, ал эми 851 миң 71 жаран экинчи компоненти менен эмделди.