Өлкө боюнча акыркы суткада коронавирустук инфекцияга каршы 10 миң 374 адам эмделди.
Республикалык штабдын маалыматына ылайык, анын ичинен 5 миң 731 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 643 жаран экинчисин алды.
Кыргызстанда жалпы 1 млн 66 миң 514 адам вакцинанын биринчи, ал эми 847 миң 188 жаран экинчи компоненти менен эмделди.