Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 11 миң 322 адам эмдөөдөн өттү.
Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 5 миң 207 адам вакцинанын биринчи дозасын, 6 миң 115 жаран экинчисин алды. Өлкө боюнча жалпы 1 млн 43 миң 888 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 823 миң 787 жаран экинчи бөлүгү менен эмделди.