Коронавирус: Кыргызстанда акыркы бир суткада 2 миң 849 адам эмделди
Новость www

Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирустук инфекцияга каршы 2 миң 849 адам эмделди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, анын ичинен 1 миң 849 адам вакцинанын биринчи дозасын, 1 миң 389 жаран экинчисин алды. Өлкө боюнча жалпы 1 млн 15 миң 69 адам вакцинанын биринчи компоненти, ал эми 788 миң 480 жаран экинчиси менен эмделди.