Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 7 752 адам эмделди
Новость www

Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 7 миң 752 адам эмделди. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. 

Маалыматка ылайык, анын ичинен 3 миң 850 адам вакцинанын биринчи дозасын, 3 миң 902 жаран экинчисин алды. Өлкө боюнча жалпы 1 млн 12 миң 545 адам вакцинанын биринчи, ал эми 786 миң 210 жаран экинчи компоненти менен эмделди.