Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирустук инфекцияга каршы 12 миңге чукул адам эмделди.
Республикалык штаб билдиргендей, анын ичинен 6 миң 54 адам вакцинанын биринчи дозасын, 5 миң 925 жаран экинчи бөлүгүн алды. Өлкө боюнча жалпы 1 млн 8 миң 607 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 782 миң 193 жаран экинчиси менен эмделди.