Кыргызстанда 6-ноябрга карата дагы 96 адамдан коронавирус аныкталды
Новость

Кыргызстанда 6-ноябрга карата дагы 96 адамдан коронавирус аныкталды. 

Анын ичинде, Бишкек шаарында - 41 учур, Чүй облусунда - 24, Ысык-Көл дубанында - 14, Жалал-Абад аймагында - 6, Баткенде - 4, Таласта - 3, Нарын облусунда - 2, Ош облусунда - 2 учур катталды. 

Ал эми бир суткада 83 адам илдеттен сакайып чыгып, 2 бейтап каза болду. 

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 616 бейтап, амбулатордук түрдө 835 адам дарыланууда. 

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 181 миң 764 адам коронавирус жуктурган. Анын ичинен 176 миң 108 киши айыгып чыкса, 2 миң 683 адам каза болду.