Тамчы-Корумду жолу убактылуу токтотулду
Новость KTRK/videograp

Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген меймандарга тоскоол болбос үчүн Тамчы-Корумду жолун куруу иши 10-сентябрга чейин убактылуу токтотулду. Иш-чара бүткөндөн кийин каттамды салуу иши кайра жанданат. POST1RIGHT

Жол куруучулардын айтымында, Тамчыдан Корумдуга чейинки каттам 104 чакырым болсо, 20 чакырымына бир катар асфальт төшөлдү. 

Мындан тышкары Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданга кирүүчү жана ага жанаша 3 чакырым жол жасалып, бир катар асфальт төшөлдү. Эскерте кетсек, Тамчы-Корумду жолун кытайлык “Лонг Хай” компаниясы салууда. Компания буга чейин каттамды кеңейтип, эски көпүрөлөрдү оңдоп, жаңылаган . Эми жолго асфальт төшөө иши калды.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118