Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 11 миң 909 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 402 адам вакцинанын биринчи дозасын, 6 миң 507 жаран экинчи бөлүгүн алды. Өлкө боюнча жалпы 996 миң 278 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 770 миң 820 жаран экинчи компоненти менен эмделди.