Кыргызстанга вакцина сактоочу 200гө чукул муздаткычтар келет
Новость www

Кыргызстанга жакын арада ЮНИСЕФ эл аралык уюму аркылуу вакцина сактоочу 200гө чукул муздаткыч келет. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун башкы адиси Азим Кыргызбаев 3-ноябрдагы брифингде билдирди. Ал медициналык кызматкерлер атайын окуудан өткөнүн кошумчалады.

“27-октябрда өлкөбүзгө Pfizer вакцинасы келип түштү. Аталган вакцина -80градуста сакталганы үчүн, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жыл башынантарта даярдыктарды көрүп келдик”,- деди Кыргызбаев. 

Ал Pfizer вакцинасын эрежеге ылайык, 6 айдан 9 айга чейин сактоого болорун айтты. Ал эми 15-20градус нөлдөн төмөн температурада эки апта, +2-8 градуска чейин бир аптасактаса болорун айтты. Убактылуу эмдөө пунктарындагы +2 ден +8 градуска чейин муздаткыч жабдуулары өлкө боюнча жетиштүү. Коронавирус инфекциясына каршы 1миллион 756 миңден ашуун адам вакцина алды. Анын миллионго чукулу биринчи дозаны, калганы экинчисин алышты. Эмдөө бир адамга эки дозада сайылат, аралыгы 21 күн болууга тийиш.
Азыркы тапта жашы 18ден өткөн жарандарга Sinopharm, Pfizer, Astra Zeneca,KazVac вакциналары акысыз сайылууда.