Коронавирус 124 адамдан аныкталып, эки бейтап көз жумду
Новость www

Кыргызстанда 3-ноябрга карата коронавирус дагы 124 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 23, Чүй облусунда – 25, Ош облусунда - 2, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 11, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусунда – 1 адамдан илдет жаңы табылган. Ал эми бир суткада 97 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 2 бейтап каза болду. 

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 605 бейтап, амбулатордук түрдө 803 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 181 миң 499 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 175 миң 892 киши айыгып чыкса, 2 миң 676 адам каза болду.