Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 1 миң 966 адам эмделди.
Республикалык штаб берген маалыматка ылайык, анын ичинен 951 адам вакцинанын биринчи дозасын, 1 миң 15 жаран экинчи дозасын алды.
Өлкө боюнча жалпы 978 миң 653 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 751 миң 407 жаран экинчи компоненти менен эмделди.