Кыргызстанда 28-октябрга карата коронавирус 124 адамдан аныкталды
Новость www

Кыргызстанда 28-октябрга карата коронавирус дагы 124 адамдан аныкталды. Республикалык штаб тараткан маалыматка ылайык Бишкек шаарында – 64, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 29, Ош облусунда – 4, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет табылган. 

Ошол эле учурда 100 адам илдеттен сакайды. Сутка ичинде өлкө боюнча COVID-19га каршы эмдөө албагандар арасында үч бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 705 бейтап, амбулатордук түрдө 699 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 989 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 175 миң 402 киши айыгып чыкса, 2 миң 664 адам каза болду.