COVID-19: 3 бейтап каза болду
Новость

Бир сутка ичинде COVID-19дун 124 жаңы учуру катталды. 

Республикалык штаб билдиргендей, анын ичинде Бишкек шаарында – 65, Чүй облусунда – 28, Талас дубанында – 4, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абадда – 10, Баткен облусунда – 4 адамдан вирустук инфекция табылган. 

Ал эми бир суткада 106 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду. 

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 688 бейтап, амбулатордук түрдө 692 адам дарыланууда. 

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 865 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 175 миң 302 киши айыгып чыкса, 2 миң 661 адам каза болду.