COVID-19: Кытайда үч жаштан он бир жашка чейинки балдар эмделет
Новость www

Кытайда үч жаштан он бир жашка чейинки балдарды коронавируска каршы эмдөө башталат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда. 

Бийлик өспүрүм балдар үчүн эмдөө милдеттүү болоорун эскертишүүдө. Кытайда расмий маалыматтар боюнча, калктын 76 пайызы эмдөөдөн өткөн. Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын маалыматы боюнча, бир суткада өлкөдө коронавирус жуктурган отуз беш жаңы учур катталган. 

Жайында Кытай өкмөтү үч жаштан жогорку балдарды Sinopharm жана Sinovac вакциналары менен эмдөөнү чечкен, бирок азырынча өлкөдө он эки жаштан жогору балдар гана эмделүүдө.