Атайын чыгарылыш: Аза күтүү (аудио)
Новость

Бүгүн Кыргызстандын аймагында Москва шаарында өрт кырсыгынан жана Бишкек-Ош жолундагы автокырсыктан каза болгон жарандарга аза күтүү күнү.

Кыргызстандыктарды кайгыга салган окуя 27-август, ишемби күнү болду. Эки кырсык катар болуп, 25 мекендешибизден айрылдык.

Кырсыктын кесепетинен кырчындай болгон уул-кыздарыбыздын өмүрү кыйылып, жамы журттун кабыргасы кайышып турат. "Кыргыз радиосунун" жалпы жамааты ушул эки кырсыктан шейит кеткен мекендештерибиздин үй-бүлөөсүнө, жакын адамдарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Силердин кайгы-жалпы элдин кайгысы, кайрат кылыңыздар...!