Коронавирус Кыргызстанда дагы 66 адамдан аныкталды. Республикалык штабдын билдирген маалыматына караганда, Бишкек шаарында - 44, Чүй облусунда - 3, Ош облусунда - 2, Талас облусунда - 1, Нарын облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда - 15, Жалал-Абад облусунда - 1, Баткен облусунда - 2 адамдан илдет табылды.
Ал эми бир суткада 36 адам илдеттен сакайып чыкты. Сутка ичинде вирустан өлкө боюнча эмдөө албагандар арасында эки бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 712 бейтап, амбулатордук түрдө 655 адам дарыланууда.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 629 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 175 миң 97 киши айыгып чыкса, 2 миң 655 адам каза болду.