COVID-19: Бир суткада 10 980 адам вакцина алды
Новость

Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 10 миң 980 адам эмделди. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. 

Маалыматка ылайык, анын ичинен 6 миң 432 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 548 жаран экинчи дозасын алды. 

Өлкө боюнча жалпы 939 миң 433 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 713 миң 313 жаран экинчи бөлүгү менен эмделди.