Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 10 565 адам эмделди. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. Маалыматка ылайык, анын ичинен 60 67 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 498 жаран экинчи дозасын алды.
Өлкө боюнча жалпы 932 874 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 708 630 жаран экинчи компоненти менен эмделди.