Балам менин сыймыгым: комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу (аудио)
Новость

Ар бир адамдын жашоосундагы эң бир кымбаты бул-бала. Алар мамлекеттин, үй-бүлөнүн келечеги жана бактысы эмеспи. Келечекте балдары элдин керегине жарап, кыйыр элдин кырына аты таанымал болуп, элдин уулу, элдин кызы аталып, төбөсү көккө жетип сымыктанган ата-энелер арабызда арбын.

Ошол биз сыймыктанган эл уулдарынын бири, кыргыздын өлбөс өнөрүн улап, кыргыздын күүсүн безеленте чебер чертип, комуз менен далайга таанылып, талантын тартуулап келген комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулунун ата-энеси "Балам менин сыймыгым" уктуруусунда конокто.