Бишкек шаарынын аймагында 80 убактылуу эмдөө пункту иштеп жатат. Анын ичинде 19 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жана 7 филиалы бар.
Мындан сырткары калктын саламаттыгына кам көрүү жана өз учурунда медициналык жардам көрсөтүү максатында 12 мобилдик топ иш алып барууда. Үстүбүздөгү жылдын башынан бери мобилдик топтор 85 миң 716 жолу үйлөргө чакырууларга чыгып, жардам көрсөткөн. Анын ичинен 93 миң 422 адамдан ПЧР анализин алышкан. Ал эми атайын маалымат борбору күнүгө 24 саат бою иштейт.