Коронавируска каршы бир суткада 13 249 киши эмделди
Новость www

Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 13 миң 249 адам эмделди. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. 

Маалыматка ылайык, 6 миң 996 адам вакцинанын биринчи дозасын, 6 миң 253 жаран экинчисин алган. Өлкө боюнча жалпы 920 миң 319 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 699 миң 142 жаран экинчи курамы менен эмделди.