COVID-19: Жасалма сертификаттарды сатууга бөгөт коюу үчүн бирдиктүү маалымат базасы иштөөдө
Новость www

Коронавируска каршы эмдөө тууралуу жасалма сертификаттарды сатуунун алдын алуу жана жоюу үчүн бирдиктүү маалымат базасы иштөөдө. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун башкы адиси Азим Кыргызбаев билдирди. 

Белгилүү болгондой, COVID-19га каршы эмделген фактыны тастыктоо үчүн, ошондой эле эмдөө сертификатынын талаптагыдай корголушун камсыздоо үчүн Кыргызстандын жарандарына үйдөн чыкпай тастыктаманы алуу кызматы ишке киргизилген. Бул тастыктаманы эмдөөдөн өткөн адамдардын реестринин маалымат системасын колдонуу менен кагаз түрүндө жана электрондук форматта алууга болот. Сертификат QR-коду менен жасалмалоодон корголгон, алуучу жөнүндө негизги маалыматтар жана вакцинанын түрү купуяланган. 

Сертификаттарды сатууну болтурбоо үчүн буйрук менен маалыматтарды COVID-19га каршы эмделгендердин бирдиктүү маалымат базасына киргизүүгө дайындалган. Ар бир медициналык каттоочу үчүн логин жана сыр сөз даярдалып, аны менен сертификатты сатуу тобокелдиги төмөндөтүлгөн. Күбөлүктөрдү сатуу фактылары болгон учурда, каттоо эсебинин жардамы менен маалымат базасына жалган маалыматтарды киргизген каттоочуну тез эле табууга болот.