Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирустук инфекцияга каршы 11 миң 968 адам эмделди
Новость www

Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 11 миң 968 адам эмделди. 

Республикалык штаб билдиргендей, анын ичинен 6 миң 521 адам вакцинанын биринчи дозасын, 5 миң 447 жаран экинчи дозасын алды. Өлкө боюнча жалпы 913 миң 218 адам вакцинанын биринчи компонентин, ал эми 692 миң 696 жаран экинчи бөлүгүн алды.