Коронавируска каршы республикалык штабдын расмий эсебине ылайык, 18-октябрга карата жалпы 1 млн 592 миң 155 адам эмдөөдөн өттү.
Анын ичинде 905 миң 650 адам вакцинанын 1-дозасын, ал эми 686 миң 505 адам эки дозасын тең алды. Өлкөдө COVID-19га каршы акысыз эмдөө быйыл март айынын аягында башталган. Эмдөө Кытайдын Sinopharm, Орусиянын "Спутник V", COVAX программасы менен келген Европанын AstraZeneca вакциналары менен жасалууда.
Республикалык иммунопрофилактика борбору октябрь айында 420 миң дозадай вакцина келе турганын билдирген. Маалыматка караганда, ушул айда AstraZeneca, Pfizer, Sinopharm вакциналары келет.