Статком: коронавирус менен ооругандардын саны төмөндөдү
Новость www

Коронавирус менен ооругандардын саны үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында август айына салыштырмалуу 4,3 эсеге, июль айына салыштырмалуу 13,2 эсеге азайды. Бул туралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди. 

Ал эми сентябрь айында коронавирус катталган учурларынын эң чоң үлүшү Бишкек шаарына, Чүй облусуна жана Ысык-Көл облусуна туура келген.