Чейрек кылым аралыгындагы кыргыз профессионалдык музыка искусствосу кандай жолду басып өткөндүгү, кандай өзгөрүүлөргө туш болгондугу, алган багыты, жаратылган чыгармалары туурасында бүгүнкү "Түз эфирдеги жолугушуу" программасында сөз болду. Уктурууга Токтогул атындагы мамлекеттик сылыктын лауреаты, Кыргызстан композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев, искусство таануу илимдеринин кандидаты, белгилүү музыка таануучу Сагынаалы Субаналиев жана жаш композиторлор Мырзалы Жээнбаев, Наргиза Курмановалар катышышты.