Баткенде бир жумада 40 тоннадай мыйзамсыз ташылып келген жүзүм аныкталды
Новость www

Баткенде аткезчиликке каршы күрөшүү штабы бир жума аралыгында 40 тоннадай мыйзамсыз ташылып келген жүзүмдү аныктады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди. 

Аталган материалдар жазык кодексинин “экономикалык контрабанда” беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Айта кетсек, 5-октябрдан тарта Баткен облусунда 3 көзөмөл-өткөрүү пункту коюлуп, кошумча мобилдик топтор тартылган. 

Мындан ары атайын көзөмөлдөп өткөрүүчү жайларда тиешелүү мамлекеттик күч түзүмдөрү менен биргеликте элдик кошуундар аткезчиликке каршы күрөшүүдө жардам берет.