Бишкектеги №67 гимназия-мектебинин окуучуларынын арасынан COVID-19 вирусу табылгандан улам аталган билим берүү мекемеси толугу менен карантинге жабылды. Бул тууралуу шаар мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Коронавирусту жайылтпоо максатында шаардагы мектептерде бул инфекция аныкталса, Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору бекиткен алгоритмге ылайык карантинге жабылары маалымдалган. 8-октябрга карата Бишкек шаарында 45 адамдан оору жаңы аныкталды.
Кыргызстанда билим берүү мекемелери 15-сентябрдан тарта толук ачылган. 2020-жылдын март айында өлкөдө COVID-19 вирусу алгач аныкталганда бала бакча, мектеп, окуу жайлардын баары аралыктан окутууга өткөн.