Көчмөндөр оюндарына 53 өлкө катышат
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 53 мамлекеттин 1000дей спортчусу катышаары күтүлүүдө. Азыркыга чейин көчмөндөр оюндарына Азербайжан, Аргентина, Армения, Бангладеш, Белоруссия, Бенин, Ботсвана, Бразилия, Венгрия, Гватемала, Германия, Грузия, Замбия, Израиль, Индия, Индонезия, Иран жана башка өлкөлөр катыша тургандыгын расмий билдирген. 

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көлдө 3-8-сентябрь күндөрү өтөт. Программага ылайык мелдештер спорттун 23 түрү боюнча болот. Бул ат чабыш, күрөш, улуттук оюндар, жаачылардын сынагы жана улуттук мергенчилик боюнча таймаштар.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118