Кыргызстанда 8-октябрга карата коронавирус 84 адамдан аныкталды
Новость

Кыргызстанда 8-октябрга карата коронавирус 84 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында - 45, Ош шаарында - 3, Чүйдө - 24, Ысык-Көл дубанында - 9, Жалал-Абад облусунда - 1, Баткенде - 2 адамдан илдет табылды. Ал эми бир суткада 77 адам илдеттен сакайып чыкты. Сутка ичинде COVID-19дан эки бейтап каза болду. 

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 440 бейтап, амбулатордук түрдө 703 адам дарыланып жатат. Өлкөдө пандемия башталгандан бери 179 миң 120 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 873 киши айыгып чыкса, 2 миң 616 адам каза болду.