Коронавирус инфекциясын аныктоочу 19 лаборатория иштөөдө
Новость www

Бүгүнкү күндө республика боюнча коронавирус инфекциясын аныктоочу 19 лаборатория иштөөдө, анын ичинен 13 мамлекеттик, 6 жеке менчик. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөлдөө департаментинин Лабораториялык тестирлөө борборунун башчысы Айгүл Жумаканова билдирди. 

Анын айтымында, коронавирус пандемиясы башталгандан бери жеке менчик лабораториялар жалпы 856 миң 487 ПЧР ыкмасы менен изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн. “Жеке менчик лабораториялар былтыркы 2020-жылы бир ПЧР-изилдөөнү 3 миң сомго чейин жүргүзүп атышкан, ал эми 2021-жылы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн жыйынтыгында жана тесттердин баасы арзандаганга байланыштуу бааны төмөндөткөнгө макул болушкан. 

Бүгүнкү күндө жеке лабораторияларда ПЧР анализдин баасы 1400 сомдон 1700 сомго чейин деди Жумаканова.