Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 10 466 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 998 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 468 жаран экинчи бөлүгү менен эмделди.
Өлкө боюнча жалпы 851 778 адам вакцинанын биринчи компонентин, ал эми 645 340 жаран экинчисин алды.