Баткенде коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын кеңешмеси болуп өттү
Новость www

Баткен облусунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашованын жетекчилиги алдында коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын кеңешмеси болуп өттү. 

Анын жүрүшүндө республикадагы эпидемиологиялык абал, Баткен облусунун билим берүү мекемелеринин эмдөө жүргүзүүгө даярдыгы жана калкты вакцинациялоо боюнча кампаниянын жүрүшү талкууланды.

Шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери өз тейлеген участоктору боюнча маалымат беришти. Ага ылайык, бүгүнкү күнгө карата Баткен облусунда COVID-19га каршы эмдөөнүн максаттуу тобу 185 695 адамды түзөт, анын 40%ы 1-дозасы менен эмделген, эмдөөнүн толук курсун 27%ы өткөн.