Өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу. Соңку бир айдан бери коронавирусту жуктургандардын саны азаюуда. Бирок адам өмүрүн алган учурлар дале болсо катталууда.
Соңку суткада вирустук инфекция дагы эки адамдын өмүрүн алды. Ал эми кызыл тилкеде эмгектенген дарыгерлер, оор абалдагы ар бир бейтаптын өмүрүн сактап калуунун аракетин көрүп жатышат. Борбор калаада кайсы ооруканалар коронавируска чалдыккан бейтаптарды кабыл алууда, кабарчыбыз билип келди.