Бишкекке Түркмөнстандын “Галкыныш” тобу келди
Новость

Бишкекке Түркмөнстандын 17 кишиден турган “Галкыныш” тобу келди. Эл аралык “Манас” аба майданынан чабандестерди, Улуттук спорт оюндарынын түрлөрү боюнча дирекциянын жетекчиси Алмаз Касенов баш болгон өкүлдөр салтанаттуу тосуп алды. Түркмөндөрдүн ат жалында шамалдай ойногон жигиттери, Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат.

Ошол эле учурда Кырчын жайлоосунда өтчү маданий иш-чаранын алкагында атчан жигиттер кан кызыткан көрсөтмө оюндарды тартуулайт. Делегация Ысык-Көлдөгү пансионаттардын бирине жайгаштырылат. “Галкыныш” тобу ат үстүндөгү оюндары менен белгилүү. Кошумчалай кетсек, Түркмөнстандын көчмөндөр оюндарына катышуучу негизги делегациясы, 1-2-сентябрь күндөрү келээри күтүлүп жатат.