COVID-19: Ден соолукту калыбына келтирүүгө көп убакыт жана тыкыр көзөмөл талап кылынат
Новость www

Азыркы учурда коронавирус инфекциясынан айыккан жарандар жай турмушка кайтып келе албай жаткандыгынын себебин вирустан кийинки белгилердин пайда болушу деп түшүндүрүшүүдө. 

COVID-19 менен ооруган адамдарда саламаттыгынын калыптанышы өтө жай жүрөт. Мындай абал тумоонун оор түрү менен дагы, жеңил түрү менен дагы ооругандарда болушу ыктымал. Коронавирустан толук айыгып, ден соолуктун калыбына келүүсү үчүн көп убакыт жана тыкыр көзөмөл талап кылынат. Ковидке каршы эмделүү коронавирус козгогон илдеттин жеңил өтүүсүнө жардам берет дешет адистер.