COVID-19: Бир күндө 9270 адам вакцина алды
Новость www

Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 9 миң 270 адам эмделди. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. 

Маалыматка ылайык, анын ичинен 4 миң 437 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 833 жаран экинчи өлчөмүн алды. Өлкө боюнча жалпы 839 миң 901 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 635 миң 491 жаран экинчи бөлүгү менен эмделди.