Баш калаада коронавирус менен ооругандарды үч оорукана кабыл алып жатат
Новость

Баш калаада коронавирус менен ооругандарды үч гана оорукана кабыл алып жатканын Республикалык штаб кабарлады. 

Маалыматка караганда, 2-октябрь саат 10:00гө карата үч ооруканада 277 бош орун бар. Жугуштуу оорулардын республикалык клиникалык ооруканасында — 261, №2 клиникалык төрөт үйүндө — 10, Улуттук хирургия борборунда — 6 орун бош. Өткөн суткада Кыргызстанда 72 адамдан коронавирус табылып, 80 адам айыкты. Кечээтен бери өлкөдө өлүм учурлары катталган жок.