Коронавирус: Кыргызстанда 628 миңден ашык адам толук эмдөөдөн өттү
Новость

Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 9 миң 153 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет. 

Маалыматка ылайык, 4 миң 586 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 567 жаран экинчи дозасын алды. 

Өлкө боюнча 833 миң 472 адам вакцинанын биринчи компоненти, ал эми 628 миң 413 жаран экинчи компоненти менен эмделди.