Кыргызстанда акыркы бир сутканын ичинде COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 12 миң 107 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу республикалык штаб билдирет.
Анын ичинен 3 миң 861 адам биринчи дозасын, ал эми 6 миң 246 жаран экинчи дозасын алды. Өлкө аймагы боюнча 828 миң 803 адам вакцинанын биринчи компоненти менен эмделсе, 623 миң 707 жаран экинчи компоненти менен эмделди.