Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналып iPhone 6S үлгүсүндөгү уюлдук аппараттын алтын жалатылган түрү чыкты.
Бул тууралуу ДКОнун расмий сайтына жарыяланды."Смартфондун уникалдуу дизайны көчмөндөр цивилизациясынын рухун чагылдырып турат", - деп айтылат маалыматта. POST1RIGHT
Мобилдик аппараттын корпусу алтындан жасалган. Арткы панелинде Көчмөндөр оюндарынын символу жайгашкан. Ааламды чагылдырган тегеректин ортосунда көчмөн элинин символу болгон аттын сүрөтү тартылган, анын үстүндө башы төрт бөлүккө бөлүнүп, бакубатчылыкты билдирген күн адамы отурат.
Алтын жалатылган телефонго Кыргызстандын желегиндеги күндүн сүрөтү түшүрүлгөн. Мындай үлгүдөгү уюлдук аппараттын баасы 266 миң сомду түздү.