Кыргызстанда акыркы суткада коронавируска каршы 10 миң 316 адам эмдөөдөн өттү
Новость www

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 10 миң 316 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет. 

Маалыматка ылайык, 5 миң 190 адам вакцинанын биринчи дозасын, 5 миң 126 жаран экинчи дозасын алды. Өлкө боюнча 809 миң 163 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 603 миң 595 жаран экинчи компоненти менен эмделди.