Элдик репортер КТРК: Эмне үчүн МАБ №15 мекемесинде желек орнотулган эмес?
Новость Элдик репортер КТРК

КТРКнын Элдик репортерунун окурманы  №15 Муниципалдык аймактык башкаруу имаратында мамлекеттик желектин жоктугун сындап жазды.

"Мен №15 Муниципалдык аймактык башкаруу имараты жайгашкан райондо жашайм. Бир нече айдан бери бул мекемеде мамлекеттик желектин жоктугун байкап жүрөм. №15 Муниципалдык аймактык башкаруу мекемесинин жетекчилигине өтүнүч менен кайрылат элем, Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгынан карата мамлекеттик желекти орнотуп коюңуздарчы"-дейт окурман.

№15 Муниципалдык аймактык башкаруу имараты Бишкек шаарына караштуу Биринчи май районунда жайгашкан.




Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118