Өз өмүрүн кыйган көрүнүштөр боюнча профилактика иштери жүргүзүлөт
Новость

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мектеп жашындагы балдардын арасындагы тартип бузган жана өз өмүрүн кыйган көрүнүштөр боюнча профилактика жүргүзүп, тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды. "Ушул жылдын жети айында эле республика боюнча жаштар арасында 64 суицид фактысы катталып, анын ичинен 90 пайызы окуучуларды түзгөн. 

Билим берүү, ички иштер министрлиги, ага катар мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер бул көйгөйгө көңүл буруусу керек",- деди премьер-министр.

 Вице-премьер-министр Гулмира Кудайбердиева болсо жаңы окуу жылынын башталышына карата билим берүү министрлиги менен ички иштер министрлиги бул багытта биргеликте иштеп, бир жылга түзүлгөн конкретүү, биргелешкен иш-планы болушу керектигин белгиледи.