Ар бир адамдын жашоосундагы эң бир кымбаты бул бала. Алар мамлекеттин, үй-бүлөнүн келечеги жана бактысы эмеспи. Келечекте балдары элдин керегине жарап, кыйыр элдин кырына аты таанымал болуп, элдин уулу, элдин кызы аталып, төбөсү көккө жетип сымыктанган ата-энелер арабызда арбын.
Кыргыз радиосундагы "Балам менин сыймыгым" деп аталган уктуруудан Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген артист Шайыр Касмалиеванын апасы Гульнура Суранчиева менен болгон маекти сунуштайбыз.