POST1RIGHTӨлкө эгемендүүлүгүнүн 25 жылдык мааракесине карата Бишкекте аскердик парад өтөт. Учурда Ала-Тоо аянтында өтүүчү башкы парадга кызуу даярдык көрүлүп жатат. Кыргызстан эгемендүүлүктү алганына 25 жыл толду.
Ага карата өлкөдө жыл башынан бери ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп жатат. 31-август жакындаган сайын даярдыктар ого бетер күчөдү.
Майрамдык иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында өтүп, башкы көрсөтүү Бишкектин Ала-Тоо аянтында уюштурулат. Андагы көлөмдүү иш-чаралардын бири аба күчтөрүнүн жана аскердик техникалардын коштоосунда өтө турган парад. Аскердик парадга болгон негизги даярдык 29-август күнү болот.